Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин олуттуу терс таасирлер катталган жок

Кыргызстанда COVID-19га каршы эмдөөдөн кийин олуттуу терс таасирлер катталган жок. Бул тууралуу Республикалык иммунопрофилактика борборунан билдиришти.

 

Андан такташкандай, дене табынын бир аз көтөрүлүшү, ийне сайылган жердин оорушу, баштын ооруусу жана башка майда таасирлер катталып жатты. Бул күтүлгөн эле реакция, мындай жол менен организм препаратка жооп берип жатат, — дешет адистер.

 

Эске салсак, кыргызстандыктарга кытайлык “Синофарм”, россиялык “Спутник”, казакстандык “Казвак” жана европалык өндүрүштөгү “АстраЗенекка” препараттары жеткиликтүү.