“Арча-Бешик — 2” конушунда жаңы мектеп курулууда

“Арча-Бешик — 2” конушунда жаңы мектеп курулууда. Мамлекеттик курулуш жана архитектура агенттигинен билдиришкендей, билим берүү мекемеси 500 орунга чакталган. Анда окуу корпусу, ашкана, спорт жана акты залдары каралган.

 

Долбоорду ишке ашырууга 1 миллион доллардан ашык жумшалат деп пландалууда. Каражат Сауд өнүктүрүү фонду тарабынан бөлүндү.