Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылууда

Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылууда. Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Нарын шаарындагы майыптыгы бар жарандардын үй-бүлөлөрүнө отун 15 каптан берилип жатат. Калаанын аймактарына көмүр кезеги менен ташылат. Жакынкы аралыкта дагы 500 тонна көмүр жеткирилет.  Андан тышкары, аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө көмүрдөн тышкары азык-түлүк… Кененирээк…

Кыргызстанда азырынча жаңы омикрон штаммына байланыштуу карантин киргизүү каралбайт

Кыргызстанда азырынча жаңы омикрон штаммына байланыштуу карантин киргизүү каралбайт. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова билдирди. Анын айтымында, коронавирустун кезектеги түрү 32 мутацияны камтыйт. Алдын-алуу үчүн бүгүнтөн тартып өлкөгө чет элдиктер жана кыргызстандыктар акыркы 72 сатта жүргүзүлгөн ПЦР-тестинин терс жыйынтыгын көрсөткөндө… Кененирээк…

Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагында курулуш иштери токтотулду

Кыргыз-тажик чек арасынын тактала элек аймагында курулуш иштери токтотулду. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматы билдирди. Окуя бүгүн, 30-ноябрда, саат 13:00дөр чамасында болгон. «Буга чейин жетишилген келишимге карабастан тажик тарап Лейлек районундагы Майты аймагында жайгашкан Сүлүктү — Пролетарск темир жолун алып салуу үчүн иштерди баштаган.… Кененирээк…

Кыргызстандык тасма эл аралык кинофестивалда баш байге утту

Кыргызстандык тасма эл аралык кинофестивалда баш байге утту. Режиссёр Айкөл Нурланбек улуунун «Мээрман» кыска метраждуу даректүү тасмасы «Ааламдарга ырайым» кино сынагында «Эң мыкты даректүү тасма» сыйлыгына татыды. Иш-чарага 65 өлкөдөн 568 кыска метраждуу кинокартина катышты. Иш-чара Түркиянын Стамбул шаарында өттү. Аталган тасма буга чейин бир… Кененирээк…

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү өстү

Кыргызстанга которулган акчанын көлөмү өстү. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, быйыл январдан сентябрга чейин өлкөгө жеке жактар 2 миллиард 32 миллион доллар которду. Бул былтыркы жылдын аталган мезгилине салыштырмалуу 18 пайызга көп. Экономиканы калыбына келтирүүнүн байкалган оң динамикасы өлкөгө акча которуулардын өсүп жаткан… Кененирээк…

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жыйынга чогулат

Жогорку Кеңештин депутаттары бүгүн жыйынга чогулат. Бул тууралуу маалымат парламенттин сайтына жүктөлдү. Жыйын саат 10:00дө башталат. Күн тартибине ЖК депутаттары Асылбек Жээнбековду, Төрөбай Зулпукаровду, Бакыт Жетигеновду кол тийбестик укугунан ажыратуу маселеси киргизилген. Башкы прокурор Курманкул Зулушев аталган эл өкүлдөрүн кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүнү сураган.… Кененирээк…

Кыргызстанда электр энергиясына болгон туумдарды кыскартуу боюнча акция уланууда

Кыргызстанда электр энергиясына болгон туумдарды кыскартуу боюнча акция уланууда. “Түндүкэлектр”, “Жалал-Абадэлектр” жана “Чыгышэлектр” ишканаларынын карызы бар керектөөчүлөрү 31-декабрга чейин бересесин төлөсө, чегерилген туум толугу менен чийилет. Абоненттер каражатын гана үнөмдөбөстөн, бересеси барлардын кара тизмесинен чыгарылат. Мындай акция 31-декабрга чейин созулат.

Бишкекте балдар, жаштар жана чоңдор арасында көркөм муз тебүү боюнча “Мэрдин кубогу” өтөт

Бишкекте балдар, жаштар жана чоңдор арасында көркөм муз тебүү боюнча “Мэрдин кубогу” өтөт. Ага Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстандан 90дон ашык спортчу катышат. Эл аралык турнирди шаардык администрациянын Дене тарбия жана спорт башкармалыгы Кыргызстандын Коньки тебүү федерациясы менен бирге уюштурууда. Спорттук иш-чара 1-декабрдан 3-декабрга чейин Шаардык… Кененирээк…

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электроэнергия үчүн жаңы тарифтер канча убакытка созулары белгисиз

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөр үчүн электроэнергия үчүн жаңы тарифтер канча убакытка созулары белгисиз. Энергетика министрлигинин маалыматы боюнча, аталган категорияды жарандар 1-январдан баштап электр кубаты үчүн 50 тыйындан төлөйт, калган 27 тыйын бюджеттин эсебинен жабылат. Бирок керектөө өлчөмү 700 кВт/саттан ашса башкалардай эле 2 сом 16… Кененирээк…

Бишкекте мыйзамсыз күйүүчү май сатуу түйүндөрүн аныктоо иштери жүрүп жатат

Бишкекте мыйзамсыз күйүүчү май сатуу түйүндөрүн аныктоо иштери жүрүп жатат. Мэриянын маалымат кызматынан билдиришкендей, рейд Профсоюз көчөсүндөгү жана Эркиндик бульварынын боюндагы пункттарга жүргүзүлдү. Түшүндүрүү иштери жүрүп жатканына карабай, бул жерлерде жабылган түйүндөрдө кайрадан эле соода жүрүүдө. Мэриядан эскертишкендей, мыйзамсыз соода жүргүзгөн ишкерлерге карата административдик протокол… Кененирээк…