Нарында аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө акысыз көмүр таратылууда.
Президенттин аймактагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Нарын шаарындагы
майыптыгы бар жарандардын үй-бүлөлөрүнө отун 15 каптан берилип жатат.
Калаанын аймактарына көмүр кезеги менен ташылат. Жакынкы аралыкта
дагы 500 тонна көмүр жеткирилет. Андан тышкары, аз камсыз болгон
үй-бүлөлөргө көмүрдөн тышкары азык-түлүк жана көп кабаттуу үйдө
жашагандарга жылуулук үчүн материалдык жардам көрсөтүлөт.