Кыргызстанда азырынча жаңы омикрон штаммына байланыштуу карантин киргизүү каралбайт.
Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо бөлүмүнүн башкы адиси Бактыгүл Исмаилова билдирди.
Анын айтымында, коронавирустун кезектеги түрү 32 мутацияны камтыйт. Алдын-алуу үчүн бүгүнтөн
тартып өлкөгө чет элдиктер жана кыргызстандыктар акыркы 72 сатта жүргүзүлгөн ПЦР-тестинин
терс жыйынтыгын көрсөткөндө гана киргизилет. Исмаилова белгилегендей, башка чектөөлөрдү
киргизүү азырынча пландалган жок. Андан улам, ар бир жаран санитардык норманы так сакташы зарыл.