Бишкекте жеткинчектер арасында бокс боюнча республикалык чемпионат старт алды.
Мелдешке өлкөнүн бардык аймактарынан 140 мушкер катышат. Таймаш 48ден
92 килограмга чейинкилер арасында 19 салмак категориясында өтөт. Турнир
спорт ордосунда уюштурулат жана ал 23-январда жыйынтыкталат.