Россия Кыргызстанга атомдук электр станциясын курууну пландап жатат.
Тиешелүү меморандумга «Росатом» мекемесинин башкы директору Алексей Лихачев менен
энергетика министри Доскул Бекмурзаев кол койду. Күтүлгөндөй РИТМ-200Н реактордук
орнотмосунун базасында станциянын курулушу күтүлүүдө. Аталган объектинин
Кыргызстанда болушу өлкөнү электр энергиясы жагынан көз карандысыз кылууга
шарт түзөт, — деп белгиледи Лихачев. Белгилеп кетсек, «Росатом» — россиялык
мамлекеттик холдинг жана ал өлкөдөгү бардык атомдук станцияларды башкарат.
Холдинг урандын запасы боюнча дүйнөдө экинчи орунда турат.