Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп дайындалды

Аида Исмаилова Кыргызстандын Кореядагы элчиси болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду. Аталган өлкөдөгү кыргызстандыктардын укугун буга чейин коргоп келген Динара Кемелова кызматынан бошотулду.   Белгилеп кетсек, Аида Исмаилова 2019-жылы Кыргызстандын вице-премьер-министри болуп эмгектенген.

Кыргызстандык жүк ташуучулар ЕАЭБ мамлекеттерине товар экспорттоо үчүн QR-коду менен электрондук эсеп-фактура алышы керек

Кыргызстандык жүк ташуучулар ЕАЭБ мамлекеттерине товар экспорттоо үчүн QR-коду менен электрондук эсеп-фактура алышы керек.   Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Мындай фактуралар унааларга Казакстан аймагында текшерүүлөрдөн өтпөстөн, каттам боюнча жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.   Тиешелүү чечим Алматыда өткөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча… Кененирээк…

Бишкектин четинде тоо-лыжа фестивалы өтөт

Ишемби, 19-февралда, «ЗиЛ» тоо лыжа базасында жыл сайын өтүүчү «Кыргызстан — тоо лыжа жана кышкы эс алуу өлкөсү — 2022» кайрымдуулук фестивалы өтөт. Бул тууралуу Маданият министрлигинин алдындагы Туризм департаменти билдирди. Иш-чаранын максаты — Кыргызстанды кышкы спорттун, туризмдин жана эс алуунун өлкөсү катары таанытуу. Анын… Кененирээк…

Индиянын жараны 14 жолу турмуш куруп, аялдардын эсебинен гана жашаган

Индиянын жараны 14 жолу турмуш куруп, аялдардын эсебинен гана жашаган.   Ал киши бай айымдарды издеп таап, ар бири менен жаңы ысым, башка фамилия менен таанышып, үйлөнгөндөн кийин мүлктү өзүнө өткөрүп берүүнү талап кылган.   Кызыгы, ал аялдар ар башка штаттарда жашашкан жана бири-биринен кабары… Кененирээк…

Менчик медициналык окуу жайлардын лицензиясы кандай жол менен алынары айтылды

1-апрелге чейин клиникалык базасын комиссияга көрсөтө албаган менчик медициналык окуу жайлардын лицензиясы алынат.   “Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, учурда окуу жайларга кат жөнөтүлдү.   Белгиленген мөөнөткө чейин алар биздин комиссияга клиникалык базасын, оорукана, гистология, өлүккана, анатомия бар деп далилдеп бериши керек, —… Кененирээк…

Өлкөдө ун жетиштүү

Өлкөдө 2 миң тоннага чейин ун бар.   Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаровдун айтымында, республикадагы 25 комбинатта 500 тоннадан 2 миң тоннага чейин ун турат жана бул жетиштүү.   Ал кошумчалагандай, өткөн жылы Кыргызстан резервке 1.5 миллиард сомго буудай сатып алган. Ал эми азык-түлүк коопсуздугун… Кененирээк…

Минералдык жер семирткичтерди сатып алууга республикалык бюджеттен дээрлик 980 миллион сом бөлүндү

Минералдык жер семирткичтерди сатып алууга республикалык бюджеттен дээрлик 980 миллион сом бөлүндү.   Каржы министрлигинин маалыматына караганда, каражатка 30 миң тонна жер семирткич сатып алынат.   Быйылкы жылга карата айыл чарбасынын минералдык жер семирткичтерге болгон керектөөсү 270 миң тоннаны түзөт деп болжолдонууда.   Эске салсак, Кыргызстан бир… Кененирээк…

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын карызын төлөөнү беш жылга узартат

Сауд өнүктүрүү фонду Кыргызстандын карызын төлөөнү беш жылга узартат.   Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.   Аталган фонд 87 миң доллар өлчөмүндөгү мамлекеттик тышкы карызды төлөөнү пайыздарды кошпостон 2027-жылга чейин узартат.   Кошумчаласак, чет элдик фонд “Мамлекеттик мектепти куруу” долбоорун ишке ашырууда дагы 30 миллион доллар жардам көрсөткөн.

Өлкөдө токойлорду электрондук картага түшүрүү иштери жүрүүдө

Өлкөдө токойлорду электрондук картага түшүрүү иштери жүрүүдө.   Токой чарба мамлекеттик агенттигинин маалыматына ылайык, санариптештирүүнүн алкагында токойлор гектар менен эсептелбей, бөлүп санала баштайт.   Токой чарбалык жумуштар, токойду өстүрүү, пландоо иштеринин баары электрондук форматка өткөрүлөт.   Белгилеп кетсек, Кыргызстанда токой фондунун жерлеринде 20 миңдей ижарачы… Кененирээк…

Быйыл Ош шаарына 35 миң түп көчөт отургузулат

Быйыл Ош шаарына 35 миң түп көчөт отургузулат.   Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, негизинен ийне жалбырактуу дарактар, жалбырактуу бактар жана бадал көчөтүн отургузуу пландалууда.   Ошондой эле жазында түштүк борборго 1 жарым миллион гүл тигилет.   Муну менен 2022-жылы Оштун көчөлөрүнө ар кандай көчөттөрдү отургузууга… Кененирээк…