Кыргызстандык жүк ташуучулар ЕАЭБ мамлекеттерине товар экспорттоо үчүн QR-коду менен электрондук эсеп-фактура алышы керек.
Бул тууралуу Мамлекеттик салык кызматынан билдиришти. Мындай фактуралар унааларга Казакстан аймагында текшерүүлөрдөн өтпөстөн, каттам боюнча жүрүүгө мүмкүнчүлүк берет.
Тиешелүү чечим Алматыда өткөн Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы соода-экономикалык кызматташтык боюнча жумушчу топтун биринчи отурумунун жыйынтыгы боюнча кабыл алынды.