Менчик медициналык окуу жайлардын лицензиясы кандай жол менен алынары айтылды

1-апрелге чейин клиникалык базасын комиссияга көрсөтө албаган менчик медициналык окуу жайлардын лицензиясы алынат.

 

“Азаттыкка” Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдиргендей, учурда окуу жайларга кат жөнөтүлдү.

 

Белгиленген мөөнөткө чейин алар биздин комиссияга клиникалык базасын, оорукана, гистология, өлүккана, анатомия бар деп далилдеп бериши керек, — деди министр.

 

Ал буга чейин Кыргызстанда медициналык багыттагы 17 менчик жогорку окуу жайы жабыла турганын билдирген.