Индиянын жараны 14 жолу турмуш куруп, аялдардын эсебинен гана жашаган

Индиянын жараны 14 жолу турмуш куруп, аялдардын эсебинен гана жашаган.

 

Ал киши бай айымдарды издеп таап, ар бири менен жаңы ысым, башка фамилия менен таанышып, үйлөнгөндөн кийин мүлктү өзүнө өткөрүп берүүнү талап кылган.

 

Кызыгы, ал аялдар ар башка штаттарда жашашкан жана бири-биринен кабары такыр болгон эмес.

 

Алдамчылыкты аялдардын бири күйөөсүнүн телефондогу каттарын окуп калып ачыкка чыгарган.

 

Натыйжада, аялдар биригип, милицияга кайрылышкан. Шылуун жети жылга эркинен ажыратылышы мүмкүн.