Быйыл Ош шаарына 35 миң түп көчөт отургузулат.
Түштүк калаа мэриясынан билдиришкендей, негизинен ийне жалбырактуу дарактар, жалбырактуу бактар жана бадал көчөтүн отургузуу пландалууда.
Ошондой эле жазында түштүк борборго 1 жарым миллион гүл тигилет.
Муну менен 2022-жылы Оштун көчөлөрүнө ар кандай көчөттөрдү отургузууга өзгөчө көңүл бурулат.