Бишкекте калкты каттоо үчүн 67 стационардык түйүн ачылды

Бишкекте калкты каттоо үчүн 67 стационардык түйүн ачылды. Мэриядан билдиришкендей, алар ордо калаанын 4 районунда жайгашат. Эске салсак, Кыргызстан калкын жана турак-жай фондун каттоо 25-мартта старт алып, 3-апрелге чейин уланат.

 

Акыркы жолу Бишкек тургундары 2009-жылы каттоого алынган. Бул ирет процесстин башкы артыкчылыгы – маалымат электрондук форматта чогултулат.