Лионель Месси, Неймар жана Килиан Мбаппенин “ПСЖдагы” айлыгы белгилүү болду. Лиганын эң кирешелүү оюнчуларынын рейтингин француз басылмаларынын бири жарыялады. Ага ылайык, барынан көп Неймар алат – айына 4 миллион евро.
Экинчи орунда Месси турат – анын маянасы 3 миллион евродон ашат жана үчилтикти жаш футбол жылдызы Килиан Мбаппе бекитет – анын клубдагы бир айлык кирешеси 2 миллион евро. Жалпысынан 20 оюнчудан турган рейтингге “ПСЖнын” 18 футболчусу кирди.