КТРКнын макамын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда колдоду

КТРКнын макамын өзгөртүү боюнча мыйзам долбоорун Жогорку Кеңеш үчүнчү окууда колдоду. Коомдук телерадиоберүү корпорациясынын статусун «улуттукка» өзгөртүүгө 83 депутаттын 77си макул болсо, алтоо каршылыгын билдирди. Эске салсак, мыйзамды министрлер кабинети демилгелеген. Анда КТРКны Улуттук телерадиоберүү корпорациясына өзгөртүү, облустук телеканалдарды бириктирүү жана Байкоочу кеңешти жоюу сыяктуу… Кененирээк…

Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү 2 миллиард 626 миллион долларды түзөт

Бүгүнкү күнгө карата Улуттук банктын эл аралык резервинин көлөмү 2 миллиард 626 миллион долларды түзөт. Өлкөнүн башкы каржы мекемесинен билдиришкендей, бул сумма өлкөнүн товарларынын жана кызмат көрсөтүүлөрүнүн импортунун келечектеги көлөмүнүн болжол менен 6 айын жабат. Белгиленгендей, Кыргызстандын валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу.

Кыргызстандын экономикасы бир жылдан кийин калыбына келет

Кыргызстандын экономикасы бир жылдан кийин калыбына келет. Азия өнүктүрүү банкынын жаңы баяндамасында белгиленгендей, өлкөнүн экономикасы быйыл басаңдап, эгерде тышкы белгисиздик узакка созулбаса, 2023-жылы бир аз калыбына келери күтүлүүдө. Отчетто айтылгандай, ички дүң продукциянын өсүшү 2 пайызга чейин төмөндөйт. Мунун себеби өлкөнүн негизги соода өнөктөшү болгон… Кененирээк…

Нарын медколледжинин бүтүрүүчүлөрүнө Германияда кесиби боюнча иштөөгө мүмкүнчүлүк түзүлөт

Нарын медициналык колледжинин бүтүрүүчүлөрүнө EDUVISO (Адистерди эл аралык деңгээлде даярдоо) программасынын алкагында Германияга барып кесиби боюнча эмгектенүү мүмкүнчүлүгү түзүлөт. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти. Маалыматка ылайык, бул боюнча  облус башчысы Сабыркул Ашимбаевдин EDUVISO программасынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда кеңири сөз болду. EDUVISO… Кененирээк…

БШК республикалык бюджетке 4 миллион 200 миң сом которот

БШК республикалык бюджетке 4 миллион 200 миң сом которот. Боршайкомдун көзөмөл-текшерүү тобу Жогорку Кеңештин бир мандаттуу эки округу – Биринчи Май жана Свердлов райондорунда депутаттыкка талапкерлерди кайра шайлоо учурунда күрөөгө 5 миллион 600 миң сом түшкөнүн билдирди. Анын ичинен 4 миллион 200 миң сом республикалык… Кененирээк…

Оор жүк ташуучу унаалардын күндүз Бишкектен жүрүүсүнө чектөө киргизүү маселеси кайрадан көтөрүлдү

Оор жүк ташуучу унаалардын күндүз Бишкектен жүрүүсүнө чектөө киргизүү маселеси кайрадан көтөрүлдү. Сунуш бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында айтылды. Белгиленгендей, көлөмдүү транспорт тыгындарды жаратып, борбордун экологиясын бузуп жатат. Башка өлкөлөрдө жүк ташуучу унааларды шаарга түн ичинде гана киргизген практика бар. Убакытты да, мисалы, саат түнкү 1ден… Кененирээк…

Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика май айында ишке кирет

Терек-Сай кениндеги алтын чыгаруучу фабрика май айында ишке кирет. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат каражаттары жазышты. Эске салсак, тоо-кен ишканасын Түркиялык компания толук каржылап, жалпы 230 миллион доллар инвестиция салган. Терек-Сай кени Жалал-Абад облусунун Чаткал районунда жайгашкан. Ишканада жалпысынан 800дөн ашуун кыргызстандык иштейт.

Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого Евробиримдик 32 млн евро грант бөлөт

Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого Евробиримдик 32 миллион евро грант бөлөт. Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы каржылык макулдашууга кол коюлду. Кайтарымсыз каражат сапаттуу билимге өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү секторун реформалоону улантууга жардам берүүгө багытталат.

Валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу

Валюта рыногундагы абал салыштырмалуу туруктуу. Бул тууралуу Улуттук банктан билдиришти. Маалыматка ылайык, жыл башынан тарта доллардын сомго карата расмий курсу 1,6 пайызга жогорулады. Учурда ички валюта рыногунда чет өлкө валютасын сунуштоого караганда, ага карата суроо-талап жогорулап жаткандыгы байкалууда. Бул психологиялык факторлор менен байланыштуу, — деп… Кененирээк…

Аномалдуу ысык аба-ырайы Бишкекте жана өлкөнүн басымдуу аймактарында кийинки жумага чейин сакталат

Аномалдуу ысык аба-ырайы Бишкекте жана өлкөнүн басымдуу аймактарында кийинки жумага чейин сакталат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү ордо калаада күн ысык болот.   Алсак, бүгүн аба табы дээрлик 30 градуска чейин көтөрүлөт. Бул нормадан 10 градуска жогору. Жаан-чачын азырынча күтүлбөйт. Баш айланткан ысык 13-апрелден кийин… Кененирээк…