Баткендин символу болгон Айгүл гүлү гүлдөдү
Баткендин символу болгон Айгүл гүлү гүлдөдү. Жергиликтүү тургундар кызыл китепке кирген гүлдүн сүрөттөрү менен социалдык тармактарда бөлүшүүдө. Белгилеп кетсек, гүлдүн илимий аталышы – эдуард чаар гүлү, ал апрель айында 10-15 күнгө гана гүл ачат. Өсүмдүк Баткен облусунан тышкары, бир гана Афганистандын тоо кыркаларында кездешет.