Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого Евробиримдик 32 млн евро грант бөлөт

Кыргызстандын билим берүү системасын колдоого Евробиримдик 32 миллион евро грант бөлөт.

Билим берүү министрлигинин маалыматына ылайык, Кыргызстан менен Европа биримдигинин ортосундагы каржылык макулдашууга кол коюлду.

Кайтарымсыз каражат сапаттуу билимге өзгөчө көңүл буруу менен билим берүү секторун реформалоону улантууга жардам берүүгө багытталат.