Аномалдуу ысык аба-ырайы Бишкекте жана өлкөнүн басымдуу аймактарында кийинки жумага чейин сакталат

Аномалдуу ысык аба-ырайы Бишкекте жана өлкөнүн басымдуу аймактарында кийинки жумага чейин сакталат. Синоптиктердин маалыматына ылайык, жакынкы күндөрү ордо калаада күн ысык болот.

 

Алсак, бүгүн аба табы дээрлик 30 градуска чейин көтөрүлөт. Бул нормадан 10 градуска жогору. Жаан-чачын азырынча күтүлбөйт. Баш айланткан ысык 13-апрелден кийин гана кетет. Андан кийин ыңгайлуу температура турукташат — +15….20 градустун тегерегинде.