Кыргызстандын визасын 20га жакын мамлекеттин жарандары жөнөкөйлөтүлгөн тартипте ала алышат.
Тышкы иштер министрлиги жайкы туристтик сезондун алдында туристтик визалар үчүн жөнөкөйлөштүрүлгөн жол-жобо иштеп чыкты.
Ведомстводон билдиришкендей, мындай чечим туризмди өнүктүрүү максатында кабыл алынды.
Анын алкагында, Бахрейн, Индия, Кувейт, Марокко, Пакистан, Шри-Ланка, Египет сыяктуу 18 мамлекеттин жарандары жеңил жол менен өлкөгө кире алышат.