Кыргызстанда дээрлик 77 миң адам расмий жумушсуз макамына ээ

Кыргызстанда дээрлик 77 миң адам расмий жумушсуз макамына ээ.

Эмгек министрлигинин маалыматына караганда, бүгүнкү күндө иш менен камсыз кылуу кызматтарында 100 миңден ашык киши каттоодо турат.

Анын ичинен 76 миң 900ү расмий жумушсуз.

Жумушсуздуктун жогорку деңгээли Баткен жана Жалал-Абад облустарында байкалат.

Ал эми төмөн деңгээл Бишкек шаарына жана Чүй облусуна туура келет.

Кошумчаласак, Кыргызстанда экономикалык жактан активдүү калктын саны 2 миллион 500 миңден ашык, ал эми иш менен камсыз болгондордун саны 2 миллион 450 миңдин тегерегинде.