Бишкектеги мектеп директорлору ротацияланат

Бишкектеги мектеп директорлору ротацияланат.

Бул тууралуу Билим берүү министри Алмазбек Бейшеналиев “Азаттыкка” билдирди.

Ал мунун себебин ата-энелердин билим берүүнүн сапаты начар деген жүйө менен балдарын үйүнүн жанындагы мектепке бербей жатканы менен байланыштырды.

Жайында директорлордун аттестациясы, ротациясы болот.

Балким күчтүү уюштургуч мектеп жетекчилерин артта калган мектептерди көтөрүү үчүн колдонобуз.

Андай кылбасак Бишкекте балдардын баары 10-20 мектепке толуп алат, — деди чиновник.