Казакстан бүгүнтөн тарта дан жана ун экспорттоого чектөө киргизди

Казакстан бүгүнтөн тарта дан жана ун экспорттоого чектөө киргизди.

Коңшу өлкөнүн айыл чарба министринин орун басары Айдарбек Сапаров билдиргендей, мындай чара ички базарда ун азыктарынын жетишсиздигин болтурбоо үчүн кабыл алынды.

Тиешелүү чечим 15-июнга чейин күчүндө болот.

Эске салсак, буга чейин Россия буудайды Евразия экономикалык биримдигине кирген мамлекеттерге экспорттого чектөө киргизип, өлкөдө ун азыктарына баа кескин көтөрүлүп кеткен.