Өлкөдө керектөө баалары эң көп Нарында көтөрүлдү

Өлкөдөгү керектөө баалары эң көп Нарында көтөрүлдү.

Улуттук статистика комтиетинин маалыматына ылайык, жыл башынан тарта республика боюнча баалардын өсүүсү 5 пайызды түздү.

Жогорулоо бардык регионордо эле байкалды.

Бирок эң чоң пайыздык көрсөткүч Нарын облусунда катталды.

Аймакта негизинен алкоголдуу ичимдиктерге жана тамекиге баа жогорулады.