Вьетнамда дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрөнүн курулушу аяктады

Вьетнамда дүйнөдөгү эң узун айнек көпүрөнүн курулушу аяктады. Өтмөктүн узундугу 631 метрди түзүп, ал Гиннес рекорддор китебине катталды. Узундугунан тышкары, көпүрө бийиктиги менен дагы мактана алат.

 

Анткени, ал 152 метр бийиктикте жайгашат.  Өтмөк эң бекем француз айнегинен жасалгандыктан, коопсуз болуп эсептелет. Ал аркылуу бир эле учурда 500 турист өтө алат.