Кыргызстанда сугат сезонуна карата даярдык иштерине быйыл 117 миллион сом жумшалды

Кыргызстанда сугат сезонуна карата даярдык иштерине быйыл 117 миллион сом жумшалды. Бул тууралуу Айыл-чарба министрлигинен билдиришти. Ведомство  жалпы узундугу бир нече жүз метр каналдарды оңдоп, тазалады.

 

Андан тышкары, калыбына келтирүү иштери гидротехникалык түзүлүштөрдө, насос станцияларында жана скважиналарда жүргүзүлдү.

 

Чиновниктердин божомолу боюнча быйыл вегетациялык мезгилде  республиканын дарыяларында суунун деңгээли норманын тегерегинде жана нормадан бир аз төмөн болушу күтүлөт.