Эмгек мигранттарынын акча которуулары көбөйдү

Эмгек мигранттарынын акча которуулары көбөйдү. Улуттук банктын маалыматына ылайык, жылдын алгачкы 2 айында кыргызстандыктар мекенине дээрлик 365 миллион доллар которду.

 

Бул өткөн жылдын ушул эле мезгил аралыгына салыштырмалуу, 11 пайызга же 36 миллион долларга көп. Адаттагыдай эле, которулган акчанын басымдуу бөлүгү Россияга туура келет – 354 миллион доллар. Алыскы чет мамлекеттерден 10 миллион келди.