Бишкекте вакансия жарманкеси өтөт. Эмгек жана социалдык коргоо министрлигинин маалыматына ылайык, иш-чара 27-апрелде саат 10дон күндүзгү 3кө чейин Абдылас Малдыбаев атындагы опера жана балет театрында уюштурулат.
Жумуш издегендер бул жерден компаниялардагы бош орундар менен таанышып, кеп-кеңеш ала алышат. Андан тышкары, өз кызматтары тууралуу окутуу борборлору дагы айтып берет. Жалпысынан жарманкеге 50дөн ашык компания катышат.