Россия Бишкекке жардам катары 135 миң тонна ун жана 60 тоннадан ашык суу май берет. Аталган өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинен билдиришкендей, азыктар бүгүн муктаж үй-бүлөлөргө тапшырылат.
Ушундай эле акция 20-апрелде Ошто өтүп, 675 миң тонна ун жана 60 тонна суу май таратылган.