Боом капчыгайындагы таштарды түшүрүү иштери улантылат

Боом капчыгайындагы таштарды түшүрүү иштери улантылат.

“Кыргыз темир жолу” ишканасынан билдиришкендей, 13-майга чейин Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 118-чакырымында унаалардын өтүүсүнө чектөө киргизилет.

Таштарды түшүрүү эртең мененки саат 9дан 3кө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда транспорт бир тилке менен өткөрүлөт.

Эгер 40тан ашык унаа топтолсо, таштарды түшүрүү иши токтотулуп, унааларга өтүп кетүүгө уруксат берилет.