Жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн Түштүк Корея 5 миллион доллар грант берет

Кыргызстандагы жаратылыш кырсыктарынын алдын алуу үчүн Түштүк Корея 5 миллион доллар грант берет.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, макулдашууга мекеменин орун басары Динара Кемелова менен Түштүк Кореянын климат жана айлана-чөйрө боюнча эл аралык комитетинин президентти Вон Тэ Юндун жолугушуусунда жетишилди.

Маалыматка ылайык, долбоордун алкагында климаттын өзгөрүү нугун басаңдатууга, табигый кырсыктар менен күрөшүү саясатын аныктоого мүмкүн болот.

Белгилеп кетсек, өлкөдө климаттык кризиске чара көрүү боюнча аракеттер, тиешелүү жабдыктар жетишсиз экени айтылып келет.