Сузакта өзгөчө кырдаал режими 16-майда алынат

Сузакта өзгөчө кырдаал режими 16-майда алынат.

Novosti.kge район акими Баратбек Сыдыкназаров билдиргендей, учурда селдин кесепетин жоюу иштери аяктап калды.

Эске салсак, ушул жылдын 4-майында жааган жамгырдын кесепетинен Жалал-Абад облусунун Сузак районунун 10го чукул айылында сел жүрүп, 650 үйдүн короо жайын суу каптаган.

Кырсык катталган күндөн тарта үзгүлтүксүз тазалоо аракеттери көрүлүп жатат.