Жыл башынан бери мыйзамсыз курулган 28 миң участокко тиешелүү документтер берилди

Үстүбүздөгү жылдын биринчи кварталында өзүм билемдик менен курулган 28 миң участокко тиешелүү документтер берилди. Бул тууралуу «Кадастр» мамлекеттик мекемесинен билдиришти.

 

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө «Кадастр» ММ өзүм билемдик менен курулган участокторго укукту күбөлөндүрүүчү документтерди берүү боюнча иштерди жүргүзүп жатат.

 

«Бул иштер 2009-жылдын 19-июнундагы «Кыймылсыз мүлк бирдиктерине техникалык изилдөө жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө» жобонун 48-50-пункттарына ылайык жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

 

Белгиленгендей, 2022-жылдын биринчи кварталында Кыргызстан боюнча 28 миңден ашык документ берилген.