Кара-Кулжада жер көчкү козголуп, айыл менен борборду байланыштырган жол үзгүлтүккө учурады

Кара-Кулжада жер көчкү козголуп, айыл менен борборду байланыштырган жол үзгүлтүккө учурады. Бул тууралуу Novosti.kgге район акими Дамир Кулубаев ырастады. Маалыматка ылайык, 22-май күнү Чалма айыл аймагындагы Токбай-Талаа – Буйга жолунда 10-15 сантиметрге чейин жер көчкү жаракалары пайда болуп, 2 метрге чейин жол чөккөн. Буйга айылын… Кененирээк…

Ак-Сай жайлоосуна мал айдап кеткен боюнча дайыны чыкпай жаткан үч адам үйүнө кайтып келди

Нарын облусунун Ак-Сай жайлоосуна мал айдап кеткен боюнча дайыны чыкпай жаткан үч адам үйүнө кайтып келди. Бул тууралуу бизге жергиликтүү милициядан билдиришти. Маалыматка ылайык, учурда алардын абалы жакшы. Белгилеп кетсек, Ат-Башынын Ак-Муз айылынын үч тургуну Ак-Сай жайлоосуна мал айдап кеткен бойдон эки күндөн бери дайынсыз… Кененирээк…

Биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында 10 документке кол коюу пландалууда

Биринчи Евразиялык экономикалык форумдун алкагында 10 документке кол коюу пландалууда. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясынын протоколдук жана уюштуруучулук камсыздоо департаментинин директору Данияр Турусбеков билдирди. Анын айтымында, бардык документтер коммерциялык эмес мүнөздө болот. Маселен, туризм тармагында кызматташуу боюнча меморандум кабыл алынышы күтүлүүдө. Мындан тышкары, ЕАЭБ өлкөлөрүнүн… Кененирээк…

Аксыда өзгөчө кырдаал режими бүгүн алынат

Аксыда өзгөчө кырдаал режими бүгүн алынат. Novosti.kgге райондун акими Замирбек Сыдыков билдиргендей, аймактын борбору менен байланышсыз калган Ак-Суу айылына да жол ачылды. Эске салсак, 21-22-майда нөшөрлөп жааган жаандан улам Аксынын Кашка-Суу, Кара-Суу, Авлетим, Ак-Суу, Кызыл-Туу айылдарында сел жүрүп, ички жолдорду, 6 чарбачылык көпүрөнү агызып кеткен.… Кененирээк…

Бишкекте атактуу казак акыны Абай Кунанбаевге эстелик орнотулат

Бишкекте атактуу казак акыны Абай Кунанбаевге эстелик орнотулат. Өз кезегинде, Казакстандын ордо калаасы Нур-Султанда Манастын айкели пайда болот. Бул тууралуу Маданият министринин орун басары Чыңгыз Эсенгулов билдирди.   Анын айтымында, мындай макулдашуу коңшу өлкөнүн делегациясы менен Бишкек мэриясынын өкүлдөрүнүн жолугушуусунда жетишилди. Эстеликтерди орнотуу орду жакынкы… Кененирээк…

Ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөн балдарды каттоо системасы иштелип чыкты

Ата-энеси чет өлкөдө иштеп жүргөн балдарды каттоо системасы иштелип чыкты. Бул тууралуу Жарандарды чет өлкөгө жумушка орноштуруу борборунун директорунун орун басары Алмаз Алыбаев билдирди.   Анын айтымында, автоматташтырылган электрондук системанын максаты мигранттарды жана алардын балдарын эсепке алып, мамлекеттик көзөмөлдү күчөтүү болуп саналат. Каттоо Migrant.kg сайты… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдө саммитке байланыштуу айрым жолдор унаа кыймылына жабылат

Бишкек жана Чүйдө саммитке байланыштуу айрым жолдор унаа кыймылына жабылат.   Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын начальнигинин орун басары Байыш Ашырбеков билдиргендей, 26-27-майда “Манас” аэропортунан Жибек Жолу проспектине чейинки жол, Фучик, Абдрахманов көчөлөрү, Жаш Гвардия бульвары, Чүй, Манас, Айтматов проспектилеринде чектөөлөр киргизилет.   Айдоочуларга… Кененирээк…

Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форум учурунда коопсуздукту 4 миң милиция кызматкери камсыздайт

Бишкекте өтө турган Евразиялык экономикалык форум учурунда коопсуздукту 4 миң милиция кызматкери камсыздайт. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинин коомдук коопсуздук кызматынын начальнигинин орун басары Нурлан Исмаилов билдирди. Анын айтымында, өздүк курам кызматтын күчөтүлгөн тартибине өттү.   Эске салсак, Бишкекте 26-27-майда Евразиялык экономикалык комиссиянын саммити өтөт.… Кененирээк…

Аялдар сүйүктүү адамы менен кучакташса, стресстин деңгээли азаят

Аялдар сүйүктүү адамы менен кучакташса, стресстин деңгээли азаят. Мындай тыянакка германиялык окумуштуулар келди. Изилдөөлөргө ылайык, өнөктөшү менен кучакташкан аялдардын организминде кортизолдун кыйла төмөндөгөнү байкалган.   Кызыгы, эркектерге кучакташуу эч кандай таасир тийгизбейт.

Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү аба каттамы жанданат

Үрүмчү — Бишкек — Үрүмчү аба каттамы жанданат. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинен билдиришти.   Маалыматка ылайык, бул Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда туруктуу аба каттамдарын жандандыруу жөнүндө жетишилген макулдашуунун жыйынтыгы боюнча мүмкүн болду.   Үрүмчүдөн Бишкекке учактар  ушул жылдын июнь айынан баштап  каттайт.