Нарын облусунун Ат-Башы районунда тоого жылкы айдап кеткен үч бала аман-эсен кайтып келди

Нарын облусунун Ат-Башы районунда тоого жылкы айдап кеткен үч бала аман-эсен кайтып келди. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.   «Балык-Суу тилкесине 21-май күнү саат 06:00 чамасында жайытка жылкы айдап кеткен 3 бала 23-май күнү саат 20:40 чамасында өздөрү кайтып келишкен. Абалдары… Кененирээк…

Диетологдор жаштыкты сактай турган азыктарды аташты

Диетологдор жаштыкты сактай турган азыктарды аташты. Дарыгер Михаил Гинзбургдун айтымында, биринчи орунда капуста турат. Анын бардык түрүндө картаюу процессин жайлаткан флавоноиддер жана сульфорафан бар.   Зат алмашууну жакшырткан алма дагы ден-соолукка пайдалуу. Тизмедеги үчүнчү азык — петрушка. Бул көк чөптө клеткаларды жаңылоого жардам берген фолий… Кененирээк…

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны азайды

Кыргызстанда чакан насыя алгандардын саны азайды. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, ушул жылдын биринчи кварталында уюмдар тарабынан 8,8 миллиард сом кредит берилген.   Насыя алгандардын саны 152 миң адамга жакындады. Бул өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу дээрлик  10 пайызга аз. Микрокредиттер Ош облусунда көп берилген.… Кененирээк…

Кыргызстанда социалдык жөлөк пулдарды көбөйтүү үчүн быйыл 2 миллиард сом талап кылынат

Кыргызстанда социалдык жөлөк пулдарды көбөйтүү үчүн быйыл 2 миллиард сом талап кылынат. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. “Мисалы жанагы “үй-бүлөгө көмөк” деген пособияга ушул эле 2022-жылга кошумча 1 миллиард, 191 миллион сом керектелет. Персоналдык ассистентке болсо 570 миллион сом керек.… Кененирээк…

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда

Республиканын тоолуу аймактарында сел жүрүү коркунучу сакталууда. Синоптиктердин маалыматына ылайык, мындай абал алдыдагы бир нече күн бою сакталат. Бул нөшөрлөп жааган жаанга байланыштуу, андан тышкары, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлгөнү байкалат.   Жарандарга этият болуу сунушталат.

Кыргызстанда таксисттер лицензия алууга милдеттендирилет

Кыргызстанда таксисттер лицензия алууга милдеттендирилет. Тиешелүү мыйзам долбоорун Ички иштер министрлиги иштеп чыкты. Белгилеп кетсек, бүгүнкү күндө таксиден башка бардык жүргүнчү ташуучу транспорт лицензия алышы керек.   Ведомство бул пунтту алып салууну сунуштады. Бир жылга лицензиянын баасы  500 сом деп бекитилет. Министрликтен белгилешкендей, документтин негизги… Кененирээк…

Буга чейин мектептин шыбы ураган Терек-Сай айылында жаңы мектеп курулат

Буга чейин мектептин шыбы ураган Терек-Сай айылында жаңы мектеп курулат. Бул тууралуу Билим берүү министрлигинен билдиришти. Ведомствонун басма-сөз кызматынан такташкандай, курулуш иштерине каражатты демөөрчүлөр бөлүп берет.   Учурда шып ураган жайда окуу процесси токтотулган. Окуу башка корпуста жүрүп жатат.   Эске салсак, кырсык 17-майда сабак… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкектин бир бөлүгүндө электр энергиясы өчүрүлөт. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин жарык Баялинов, Күрөңкеев, Логвиненко, Мессарош, Керемет, Интергельпо, Фучик көчөлөрүндө, Айтматов проспектисинде, Арча-Бешик, Эне-Сай, Алтын-Ордо, Келечек конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөө башталат

Бүгүн жалпы республикалык тестирлөө башталат. Билим берүү министрлигинен Novosti.kgге билдиришкендей, бүтүрүүчүлөрдүн мектептен алган билимин сыноо 3 этап менен өтөт.   Биринчиси бүгүн жана эртең, экинчи этап 27-28-майда, ал эми үчүнчүсү 24-25-июнда өтөт. Акыркы этапка негизги тестирлөөгө жүйөөлүү себептер менен катыша албай калгандар катталат. ЖРТга жалпысынан… Кененирээк…

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында фермерлерге  3 миллиард 396 миллион сом берилди

“Айыл чарбасын каржылоо – 10” долбоорунун алкагында фермерлерге  3 миллиард 396 миллион сом берилди. Бул тууралуу министрлер кабинетинен билдиришти.   Белгилеп кетсек, ишкерлерге жана дыйкандарга 6 үстөк пайыз менен жеңилдетилген насыялар берилип келет. Артыкчылык өсүмдүк өстүрүү, мал чарбачылыгын өнүктүрүү, кайра иштетүү жана кызмат көрсөтүү тармактарына… Кененирээк…