Кыргызстандан Россияга поезддер каттап баштады

Кыргызстандан Россияга поезддер каттап баштады.   “Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 6-июндан баштап жумасына бир жолу поезд менен Бишкектен Казань шаарына чейин жетип алса болот, ал эми Самарага поезд 8-июндан тарта шаршемби, жума күндөрү, Новосибирскке 9-июндан тарта  8 күндө бир каттайт.   Билеттер сатыкта.… Кененирээк…

Генералдык прокурордун милдетин аткаруучу болуп Абай Молдокматов дайындалды

Генералдык прокурордун милдетин аткаруучу болуп Абай Молдокматов дайындалды. Президент администрациясынан билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.   Белгилеп кетсек, Молдокматов Башкы прокурордун орун басары. Ал эми Курманкул Зулушев Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата тергөө жүрүп жаткан мезгилде генералдык прокурор кызматынан убактылуу четтетилди.

Алымкадыр Бейшеналиев бир айга камакка алынды

Октябрь райондук соту саламаттык сактоо министри кызматынан убактылуу четтетилген Алымкадыр Бейшеналиевдин бөгөт чарасын карап, 2-июлга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алуу чечимин чыгарды. Сотто жактоочусу анын оор илдеттерине байланыштуу камакка алууга болбой турганын айткан. Бирок сот мындай өтүнүчтү канааттандырган жок. Башкы прокуратура Бейшеналиевге карата жалпы жети… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Ахунбаев, Логвиненко, Абдыкадыров, Орозбеков көчөлөрүндө, Аламүдүн,    6-5-кичи райондордо, Арча-Бешик, Мурас-Ордо конуштарында жана Маевка, Ленинское, Лебединовка, Сокулук райондорунда жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге… Кененирээк…

“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы бүгүн 6-июндан тартып убактылуу жабылат

“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы бүгүн 6-июндан тартып убактылуу жабылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, парктын ичиндеги унаа жолу оңдолот.   Оңдоп-түзөө иштери  10-июнда аяктайт деп пландалууда. Белгилеп кетсек, Аламүдүн районунда жайгашкан “Ала-Арча” паркынын жалпы аянты 2 миң 280 гектар жерди түзөт.

Ноокен районунун Аримжан айылында муктаж үй-бүлөлөргө 100 батирлүү  25 үй курулду

Ноокен районунун Аримжан айылында муктаж үй-бүлөлөргө 100 батирлүү  25 үй курулду. Турак-жайларды пайдаланууга берүү салтанаттуу иш-чарасы кечээ, 5-июнда өттү.   Шаарчада аз камсыз болгон, жалгыз бой жана кѳп балалуу энелер үчүн бардык шарттар түзүлгөн.  Анда 100 орундуу тигүү ишканасы, нан бышыруучу цех, Фельдшердик-акушердик пункт, мечит,… Кененирээк…

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Жаркынбек Касымбеков дайындалды

Саламаттыкты сактоо министринин милдетин убактылуу аткаруучу болуп Жаркынбек Касымбеков дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койду.   Эске салсак, 2-июнда Генералдык прокуратура министр Алымкадыр Бейшеналиевди коррупцияга шектөө менен камакка алды. Жалпысынан 7 кылмыш иши козголду.   Анын ичинде коронавируска каршы вакцинаны сатып алуудагы коррупция… Кененирээк…

Бекболот Мырзаназар уулу Казакстандагы турнирде жеңишке жетти

Кыргызстандыктар Казакстанда өткөн турнирде бир нече медалга ээ болду, жума күнү кыргызстандыктардын байге куржунуна дагы бир алтын байге түштү. Анын ичинде эки алтын медаль бар. Бүгүн, 5-июнда, эркин күрөш боюнча балбан Бекболот Мырзаназар уулу (61 килограммага чейин) финалда 11:0 эсеби менен казакстандык балбан Жасулан Таскулду утуп алды.… Кененирээк…