Кыргызстандан Россияга поезддер каттап баштады

Кыргызстандан Россияга поезддер каттап баштады.

 

“Кыргыз темир жолу” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, 6-июндан баштап жумасына бир жолу поезд менен Бишкектен Казань шаарына чейин жетип алса болот, ал эми Самарага поезд 8-июндан тарта шаршемби, жума күндөрү, Новосибирскке 9-июндан тарта  8 күндө бир каттайт.

 

Билеттер сатыкта. Россия аймагына поезд менен барууну каалагандар коронавирустук чектөөлөр жөнүндө маалыматты тактап алышы керек.