Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.
“Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Ахунбаев, Логвиненко, Абдыкадыров, Орозбеков көчөлөрүндө, Аламүдүн, 6-5-кичи райондордо, Арча-Бешик, Мурас-Ордо конуштарында жана Маевка, Ленинское, Лебединовка, Сокулук райондорунда жок болот.
Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.