Саламаттык сактоо министрлиги мамлекетке 4,5 млн сом зыян келтирген

Саламаттык сактоо министрлиги пайдасыз келишим түзүп, мамлекетке 4,5 миллион сом зыян келтирген. Бул тууралуу Башкы прокуратуранын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, ведомствонун кызмат адамдары 2021-жылдын алты ай аралыгында дары-дармектерди жогорулатылган баада сатып алуу максатында, конкурстардын жыйынтыгын үч жолу негизсиз жокко чыгарган. “Натыйжада, жеңүүчү менен… Кененирээк…

Tesla компаниясынын акциясы 9 пайызга түшүп, Илон Масктын кирешеси 17 миллиард долларга төмөндөдү

Tesla компаниясынын акциясы 9 пайызга түшүп, Илон Масктын кирешеси 17 миллиард долларга төмөндөдү. Forbes басылмасынын маалыматына ылайык, мындай абал Илон Маск Tesla компаниясынын кызматкерлерин кыскартуу чечимин кабыл алгандан кийин катталды.   Анда Илон Маск жумуш ордун 10 пайызга, же  10 миң кызматкерге кыскартуу тууралуу билдирүү… Кененирээк…

Бул жайдын башкы тренддеги кийимдери аталды

Бул жайдын башкы тренддеги кийимдери аталды.   Glamour басылмасынын рейтингине ылайык, тунук кездемеден тигилген блузка, кофта, көйөктөр популярдуу болот. Андан тышкары, бели ылдый жайгашкан джинсы шымдар кайтып келет.   Ошондой эле кыска плиссе юбкалар, ак костюмдар саркеч кыздардын көңүл чордонунда болот. Басылманын редакторлору ошондой эле… Кененирээк…

Эксперттер үйлөнгөн адамдар бойдокторго караганда узак жашай турганын аныкташты

Эксперттер үйлөнгөн адамдар бойдокторго караганда узак жашай турганын аныкташты. “Известия” басылмасынын маалыматына ылайык, чылым чегүү, спирт ичимдиктерин көп ичүү жана туура эмес тамактануу сыяктуу бардыгына эле белгилүү болгон себептерден тышкары, жалгыздык дагы бат картаюуга алып келет.   Профессор Владимир Хавинсондун айтымында, жакшы эмоцияларды алуу үчүн… Кененирээк…

Бул жумада мектеп окуучулары жайкы каникулга тарашат

Бул жумада мектеп окуучулары жайкы каникулга тарашат. 9-июнда өлкө мектептеринде Акыркы коңгуроо кагылат. Белгилеп кетсек, окуу жылы 15-сентябрда башталгандыктан, быйыл окуучулар 25-майга чейин эмес, 8-июнга чейин билим алат.   Билим берүү министрлигинен эске салышкандай, 9-июнда кафе-ресторандарда, эс алуу бактарында, жаратылыш койнунда жана мектеп имаратында майрамдоого… Кененирээк…

Кыргызстанда доллар кайрадан позициясын бекемдеп жатат

Кыргызстанда доллар кайрадан позициясын бекемдеп жатат.   Бүгүнкү күнгө карата коммерциялык банктар жана ордо калаанын акча алмаштыруу жайлары америкалык валютаны 81 сомдон сатып алып, кайра 82 сомго сатышууда.   Ал эми Улуттук банктын расмий курсу 79 сом 50 тыйын деп орнотулган. Белгилеп кетсек, соңку 2… Кененирээк…

Чүй облусунда Бишкек – Суусамыр айланма жолун куруу пландалууда

Чүй облусунда Бишкек – Суусамыр айланма жолун куруу пландалууда. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма-сөз кызматынан билдиришти. Долбоор ишке ашырылса, трассанын жалпы узундугу 120 чакырымды түзөт.   Бул унаа жолу Бишкек – Жалал-Абад каттамын 150 чакырымга кыскартууга мүмкүнчүлүк берет. Анын алкагында 6 чакырымга созулган туннелдин курулушу… Кененирээк…

Бул сезондо апалар кийген көйнөктөр модада

Бул сезондо апалар кийген көйнөктөр модада.   Дизайнер Юлия Логвинованын айтымында, ретро мезгилине таандык тывыт кийимдер кайтып келет. Башы төрт бурчтуу туфли дагы кайрадан популярдуу болот.   Ошондой эле, чоң апаларыбыз жакшы көргөн ак берметтер эми тренддеги аксессуарга айланды. Советтер союзуна таандык тасмалардагы кыз-келиндер кийген… Кененирээк…

Оштон Түркиянын Бодрум, Мармарис шаарларына түз чартердик каттам ачылды

Оштон Түркиянын Бодрум, Мармарис шаарларына түз чартердик каттам ачылды. Бул тууралуу түштүк калаа мэриясынан билдиришти. Белгилеп кетсек, буга чейин Оштон Анталияга биринчи чартердик каттам ачылган.   Анталия-Ош-Анталия багыты боюнча каттамдар жумасына эки жолу дүйшөмбү жана жума күндөрү аткарылат.

“Алтын тамга” сынагын кайра тапшыруу мүмкүн эмес

“Алтын тамга” сынагын кайра тапшыруу мүмкүн эмес. Окуучулар кайрадан тест тапшырат деген маалымат чындыкка дал келбейт, — дешти Билим берүү министрлигинен. Андан такташкандай, учурда “Алтын тамга” сынагынын жыйынтыгына даттанууга арыздар кабыл алынууда.     Апелляциянын жыйынтыгы талапкерлердин бардык арыздары каралгандан кийин чыгарылат. Белгилеп кетсек, “Алтын… Кененирээк…