Генералдык прокурордун милдетин аткаруучу болуп Абай Молдокматов дайындалды

Генералдык прокурордун милдетин аткаруучу болуп Абай Молдокматов дайындалды. Президент администрациясынан билдиришкендей, тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.

 

Белгилеп кетсек, Молдокматов Башкы прокурордун орун басары. Ал эми Курманкул Зулушев Саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиевге карата тергөө жүрүп жаткан мезгилде генералдык прокурор кызматынан убактылуу четтетилди.