“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы бүгүн 6-июндан тартып убактылуу жабылат

“Ала-Арча” мамлекеттик жаратылыш паркы бүгүн 6-июндан тартып убактылуу жабылат. Бул тууралуу президенттин Иш башкармалыгынан билдиришти. Маалыматка ылайык, парктын ичиндеги унаа жолу оңдолот.

 

Оңдоп-түзөө иштери  10-июнда аяктайт деп пландалууда. Белгилеп кетсек, Аламүдүн районунда жайгашкан “Ала-Арча” паркынын жалпы аянты 2 миң 280 гектар жерди түзөт.