Эртең өлкө мектептеринде акыркы коңгуроо кагылат

Эртең өлкө мектептеринде акыркы коңгуроо кагылат. Бишкекте бул күнү коомдук коопсуздукту 800 минден ашык милиция кызматкери камсыздайт. Ордо калаа ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, ар бир мектептин жанында жол кызматкерлери нөөмөттө турат.   Негизги аянттарга, парктарга, скверлерге жана эл көп чогулган жерлерге кошумча топтор тартылат. Билим… Кененирээк…

Бишкектин кичинекей тургундары Ысык-Көл жээгине эс алууга жөнөтүлөт

Бишкектин кичинекей тургундары Ысык-Көл жээгине эс алууга жөнөтүлөт. novosti.kgге муниципалитеттен билдиришкендей, жайкы лагерге 230 бала барат.   Алар адаттагыдай эле аз камсыздалган үй-бүлөлөрдөн чыккандар жана окуунун отличниктери. Так датасы азырынча белгисиз.

Ордо калаада Сухэ-Батор көчөсүнүн 7-апрель – Каралаев тилкесин куруу аягына чыгып калды

Ордо калаада Сухэ-Батор көчөсүнүн 7-апрель – Каралаев тилкесин куруу аягына чыгып калды. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан билдиришти. Белгилеп кетсек,   4 чийиндүү жол жаңыдан салынды.   Ошондой эле, анда Аламүдүн дарыясы аркылуу өтүүчү көпүрө курулду. Иштер кытайлык гранттын эсебинен аткарылды. Жол кыймылына трасса кийинки жумада ачылат… Кененирээк…

Бишкектен Москвага поезддер болжол менен дагы бир жыл жүрбөйт

Бишкектен Москвага поезддер болжол менен дагы бир жыл жүрбөйт.   Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди. Анын айтымында, учурда Россия ордо калаасында темир жолдор, вагондор жаңыртылууда.   Андыктан, темир жол каттамын ачуу кийинки жылга чейин пландалбайт. Эске салсак, 6-июнда пандемиядан… Кененирээк…

Россия Кыргызстан менен транспорттук каттамдарга пандемияда киргизилген бардык чектөөлөрдү алып салды

Россия Кыргызстан менен транспорттук каттамдарга пандемияда киргизилген бардык чектөөлөрдү алып салды. Эми кыргызстандыктар аталган өлкө аймагына унаа менен кире алат.   Тиешелүү буйрукка премьер-министр Михаил Мишустин кол койду. Эске салсак, коронавирус пандемиясы башталганда Россия чек арасын толугу менен жаап салган. Андан кийин аба каттамы гана… Кененирээк…

Токтогул суу сактагычында 11 миллиард кубометрге жакын нымдуулук топтолду

Токтогул суу сактагычында 11 миллиард кубометрге жакын нымдуулук топтолду.  Бул былтыркы жылдын ушул эле мезгилине салыштырмалуу, дээрлик 600 миллион кубометрге көп, — дешти “Электр станциялары” компаниясынан.   Маалыматка ылайык, суунун күнүмдүк орточо агып кириши секундасына 620 метр куб, чыгышы 320 метр кубду түзүүдө.   Буга… Кененирээк…

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат

Бишкектин бир бөлүгү бүгүн жарыксыз калат. “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 5ке чейин электр энергиясы Садырбаев, Патрис Лумумба, Раззаков, Токтогул, Кайназаров, Мессарош, Элебесов, Табышалиев көчөлөрүндө, 5-кичи райондо жана Нур, Арча-Бешик конуштарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук иштерге байланыштуу.

Жалал-Абадда грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат

7-июнда Жалал-Абад шаарында грек-рим күрөшү боюнча эл аралык мелдеш өтүп жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын маалымат борборунан маалымдашты. Белгилүү болгондой, мелдеште өлкө аймагынан жана Өзбекстандан келген, жалпысынан 500дөй балбан күч сынашууда. Иш-чарага жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, шаардык жаштар иштери, дене-тарбия жана спорт бөлүмү, облустук грек-рим күрөш… Кененирээк…