Бишкекте быйыл 60 көчөнүн жолу оңдолот

Бишкекте быйыл 60 көчөнүн жолу оңдолот. Бул тууралуу Унаа жана жолдор министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, ордо калаанын жолдорун өнүктүрүү долбоорунун II фазасына ылайык, 28 көчөнүн жолдору оңдолуп бүттү. Ал эми калганын толугу менен калыбына келтирүү быйыл ноябрдын аягына чейин пландалууда. 60 көчөнүн жалпы узундугу 70… Кененирээк…

Камбар-Ата-1: Өндүрүлгөн электр энергиясын сатуудан түшкөн жылдык пайда 234 млн долларды түзөт

Камбар-Ата-1 ГЭСинен өндүрүлгөн электр энергиясын сатуудан түшкөн жылдык пайда 234 миллион долларды түзөт. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров билдирди. Анын айтымында, аталган гидроэлектростанциядан жылына 5 жарым миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрүү күтүлүүдө жана ар бир киловатт-саатын “CASA-1000” долбоорунун алкагында 5тен ашык АКШ центине сатуу мүмкүнчүлүгү… Кененирээк…

Чет жактан которулган акчаны ошол валютада бербеген банктар жазаланат

Чет жактан которулган акчаны ошол валютада бербеген банктар жазаланат. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасынын орун басары Нурбек Жеңиш билдирди. Анын айтымында, мындай көйгөйгө туш болгондор башкы банкка кайрылып, арыз жазышы керек. “Россиядан акча рубль түрүндө которулса, бул жакта да рубль менен берилиши керек. Эгер банктар… Кененирээк…

Бишкекте бүгүн футбол беттешине байланыштуу бир нече көчө кыймылга жабылат

Бишкекте бүгүн футбол беттешине байланыштуу бир нече көчө кыймылга жабылат. Кайгуул милиция башкармалыгынын маалыматына ылайык, чектөөлөр күндүзгү саат 4төн түнкү 11ге чейин киргизилет.   Тоголок Молдо, Чүй, Фрунзе, Исанов, Панфилов көчөлөрүн бириктирген бөлүк тосулат. Андыктан, тыгындарды жаратпоо үчүн айдоочуларга башка каттам түзүп алуу сунушталат. Белгилеп… Кененирээк…

Кыргызстандык мигранттар жакынкы арада Финляндия, Болгария жана Германияга барып иштей алат

Кыргызстандык мигранттар жакынкы арада Финляндия, Болгария жана Германияга барып иштей алат. Бул тууралуу Эмгек, социалдык камсыздоо жана эмгек министринин орун басары Кудайберген Базарбаев билдирди.   Анын айтымында, үстүбүздөгү жылдын 5 айында чет мамлекетке иштөө максаты менен 6 миң кыргызстандык чыгып кетти. Мигранттар көп бара турган… Кененирээк…

Жоокердин сабалышына байланыштуу алты кызматкер иштен четтетилди

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (ӨКМ) алты аскер кызматкери жоокердин катуу сабалышына байланыштуу иштен четтетилгенин бүгүн 8-июнда “Кабар” маалымат агенттигинде өткөн пресс-конференцияда министрдин орун басары Урматбек Шамырканов билдирди.   Анын айтымында, жоокер аскер кызматкеринин ур-токмогуна кабылганы ал №4 ооруканада операция болгондо гана аныкталган. Ага чейин ал зомбулукка… Кененирээк…

Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет

Камбар-Ата-1 ГЭСинин биринчи агрегаты 2028-жылы ишке берилет.   Энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдиргендей, техникалык-экономикалык негиздемеге ылайык, долбоорду ишке ашырууга жалпысынан 2 миллиард 900 миллион доллар талап кылынат.   Гидроэлектростанция курулуп бүтсө, жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын өндүрөт. ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,5… Кененирээк…

Улуттук банк жыл аягына чейин инфляцияны 15,5 пайыз деңгээлинде божомолдоду

Улуттук банк жыл аягына чейин инфляцияны 15,5 пайыз деңгээлинде божомолдоду. Ал эми жылдын орточо инфляциясы 13,8 пайыз болушу күтүлүүдө.   Бул тууралуу өлкөнүн башкы каржы мекемесинин отчетунда айтылат. Ага ылайык, бул айда министрлер кабинетинин  орточо тарифтик саясаты жөнүндө токтомуна ылайык, 2022-23-жылдын жылуулук сезонунда электр энергиясына,… Кененирээк…

Россиялык окумуштуулар төрт бурчтуу светофор ойлоп тапты

Россиялык окумуштуулар төрт бурчтуу светофор ойлоп тапты. Жабдуу күндүн тийгенине жараша, сигналдардын деңгээлин жөнгө салууга, жарандарды муз тоңгону жөнүндө маалымдап, айдоочуларга ылдамдыкты сактоо керектигин эскерте алат.   Адистердин пикиринде, төрт бурчтуу жол чырактар алыстан жакшы көрүнөт. Бул өз кезегинде жол коопсуздугун камсыздоого шарт түзөт.

Кыргызстанда жалпы колдонуудагы жолдор менен жүк ташуучу унааларга жүрүүгө убактылуу тыюу салынды

Кыргызстанда жалпы колдонуудагы жолдор менен жүк ташуучу унааларга жүрүүгө убактылуу тыюу салынды. Унаа жана жолдор министрлигинин маалыматына ылайык, чектөөлөр салмагы 18 тоннадан ашык транспортторго тиешелүү.   Тыюу жайдын аягына чейин эртең мененки саат 10дон кечки 8ге чейин, күндүзгү температура +28 градустан жогору болгондо күчүндө болот.… Кененирээк…