Бишкектен Москвага поезддер болжол менен дагы бир жыл жүрбөйт

Бишкектен Москвага поезддер болжол менен дагы бир жыл жүрбөйт.

 

Бул тууралуу Унаа жана жолдор министринин орун басары Таабалды Тиллаев билдирди. Анын айтымында, учурда Россия ордо калаасында темир жолдор, вагондор жаңыртылууда.

 

Андыктан, темир жол каттамын ачуу кийинки жылга чейин пландалбайт. Эске салсак, 6-июнда пандемиядан кийинки алгачкы поезд Бишкектен Казань шаарына жөнөп кетти.