Бишкекте жана өлкөнүн борбордук облустарында эртең аба ырайы кескин алмашат

Бишкекте жана өлкөнүн борбордук облустарында эртең аба ырайы кескин алмашат. Синоптиктердин маалыматына ылайык,  бүгүн ордо калаада ысык болот – плюс 37 градуска чейин.

 

Ал эми эртең аба табы 22 градустан көтөрүлбөйт. Эртеден кечке чейин себелеп жаан жаайт. Бирок 6-июлда аба-ырайы турукташып, күн кайрадан ысып баштайт. Көптөн күткөн салкын жел эс алуу күндөрү келип, жаан-чачын күтүлөт.