Жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу кышкысын да жүргүзүлөт

Кыргызстанда жогорку окуу жайларга абитуриенттерди кабыл алуу кышкысын да жүргүзүлөт. Бул тууралуу 24 агенттигине Билим берүү министрлигинен билдиришти. Маалыматка ылайык, абитуриенттерди кышында кабыл алуу жайкы кабыл алуу өнөктүгү аяктагандан кийин бош калган контракттык орундарга пландалууда. Тандоо жана кабыл алуу өткөн жылдын ЖРТнын жыйынтыгы боюнча жүргүзүлөт.… Кененирээк…

Кыргызстан чет элдик валютаны сыртка алып чыгууга толук тыюу салышы мүмкүн

Улуттук банк Кыргызстандан накталай чет өлкө валютасын алып чыгууга тыюу салуу боюнча токтом долбоорун демилгеледи. Бул тууралуу банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди. Ал эске салгандай, буга чейин Улуттук банк өз компетенциясынын чегинде коммерциялык банктарга, акча алмаштыруу жайларына, микрофинансылык жана микрокредиттик компанияларга накталай АКШ долларын… Кененирээк…

Бишкекте маршруткалар шаар сыртында гана жүрө баштайт

Жыл аягына чейин Бишкекке 600дөй экоавтобус келип, маршруткалар шаар сыртына чыгарылат. Бул тууралуу калаа башчы Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Ал ишендиргендей, ордо калаага газ жана электр кубаты менен жүргөн 350 автобус алып келинет. “Кийинки жумада шаардык бюджеттин эсебинен 100 автобус алганы жатабыз, ошондой эле Министрлер кабинетинин… Кененирээк…

Катар бийлиги футбол чемпионатына билеттерди алып сатарларга карата жарым миллиондук айып киргизди

Катар бийлиги футбол чемпионатына билеттерди алып сатарларга карата жарым миллиондук айып киргизди. Билеттерди мыйзамсыз саткандардын бардыгы 1 жылга эркинен ажыратылып, 500 миң катар риалын же 130 миң АКШ долларын төлөйт.   Футбол беттештерине билеттерди бир гана FIFA сата алат. Андан тышкары, Катар ФИФАнын уруксаты жок… Кененирээк…

Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына 6 миң 218 техпаспорт берилди

Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына 6 миң 218 техпаспорт берилди. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын 6 көчмө тобу жеринде иштеп, тилкелерди мыйзамдаштыруу боюнча аракеттерди көрүп жатат.   Жалпысынан жарандардан 10 миңден ашык арыз келип түшкөн.   1 миң… Кененирээк…

Кыргызстандын эки жогорку окуу жайында аскердик кафедра ачылат

Кыргызстандын эки жогорку окуу жайында аскердик кафедра ачылат. Тиешелүү мыйзам долбоорун Коргоо министрлиги сунуштап, документ коомдук талкууга чыгарылды.   Маалыматка ылайык, аскердик кафедралар Эл аралык илим жана бизнес университетинин, ошондой эле Дене тарбия жана спорт академиясынын базасында пайда болот.   Учурда даярдык иштери жүрүүдө, —… Кененирээк…

Кыргызстан банктары накталай долларды алып келүү боюнча жаңы булактарды издеп жатат

Кыргызстан банктары накталай долларды алып келүү боюнча жаңы булактарды издеп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.   Анын айтымында, өлкөдө накталай америкалык валютанын жетишсиздиги бир нече факторлорго байланыштуу, бирок негизги себеп — дүйнөдөгү геосаясий кырдаал. Коммерциялык банктар жаңы каналдарды таап, доллар… Кененирээк…

Украинаны калыбына келтирүү планы 750 миллиард доллар деп бааланды

Украинаны Россиянын кол салуусунан кийинки калыбына келтирүү иштерине 750 миллиард доллар талап кылынары 4-июлда Швейцариянын Лугано шаарында өтүп жаткан ири эл аралык саммитте айтылды.   Украин премьер-министри Денис Шмыгаль талкаланган шаарларды жана алардын инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча үч этаптан турган планды ишке ашыруу үчүн каражат… Кененирээк…

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды

Жалал-Абад облусунда жер титирөө катталды. Бул тууралуу ӨКМнын маалымат кызматынан билдиришти.   Сейсмология институтунун маалыматына ылайык, 4-июль күнү саат 23:45те Жалал-Абад облусунун аймагында очогунда күчү 3 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөө Токтогул районунун Бөр-Дөбө айылында 3 балл, Кетмен-Төбө жана Жетиген айылдарында 2,5 баллга… Кененирээк…

Эйфель мунарасын дат басууда

Эйфель мунарасын дат басууда. The Guardian басылмасынын маалыматына ылайык, Париждин башкы символу олуттуу калыбына келтирүү иштерине муктаж. 2024-жылы өтө турган Олимпиада оюндарына карата мунара косметикалык оңдоп-түзөөдөн өтөт.   Иштер 60 миллион еврого бааланат. Бирок эксперттер муну жетишсиз деп эсептейт.   Конструкцияны толугу менен чечип, боеп,… Кененирээк…