50 тыйындык купюра өзүнөн 43 миң эсе кымбат сатылууда

50 тыйындык купюра өзүнөн 43 миң эсе кымбат сатылууда. Интернет-аукционго 1993-жылдагы банкнотанын үлгүсү коюлду. Анын баштапкы баасы – 15 миң рубль, же 21 мин 342 сом.   Мындай баада сатылышына банкнотанын жараксыз болуп калгандарын алмаштыруу үчүн чыккан сериядагылардын бири экени себеп болду. Алар өтө аз… Кененирээк…

Кыргызстанда унаа импорту өстү

Кыргызстанда унаа импорту өстү. Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, жыл башынан бери өлкө аймагына 9 миң 500 унаа ташылып келди, өткөн жылдын ушул эле мөөнөт аралыгына салыштырмалуу, бул 3 эсе көп.   Машинелер эң көп Грузиядан келип жатат – 3 миң 232 даана, Россиядан 1… Кененирээк…

Бишкекте коомдук транспортто жол кирени жогорулатуу пландалган жок

Бишкекте коомдук транспортто жол кирени жогорулатуу пландалган жок. Транспорт департаментинин директору Максат Нусувалиев билдиргендей, дифференцияланган тариф киргизүү планы караштырылып, анын жол-жобосу боюнча токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна жөнөтүлгөн.   Эгер ал кабыл алынса, жүргүнчүлөр жол акысын “Тулпар” картасы менен төлөйт жана накталай акчага караганда электрондук… Кененирээк…

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт

Бишкек жана Чүйдүн айрым аймактарында электр энергиясы өчүрүлөт.   “Түндүкэлектрдин” маалыматына ылайык, эртең мененки саат 9дан кечки 6га чейин жарык Гоголь, Фрунзе, Ибраев көчөлөрүндө, Чыгыш-5, Жал, 8-кичи райондордо, Көк-Жар, Ак-Ордо конуштарында жана Беш-Күнгөй, Байтик, Асылбаш, Новопавловка, Манас, Беловодское айылдарында жок болот.   Убактылуу чектөөлөр ремонттук… Кененирээк…

Курман айтта айт намаз Эски аянтта окулат

Курман айтта айт намаз Эски аянтта окулат. Бул тууралуу Мусулмандардын дин башкармалыгынан билдиришти. 9-июлда таңкы саат 4төн 8ге чейин борбордук көчөлөр кыймылга жабылат.   Айт намаз дин аалымдарынын баяндамалары жана куттуктоолорунан башталып, андан кийин жалпылап намаз окулат. Эске салсак,  2 жылдан  бери коронавирус пандемиясынан улам… Кененирээк…

Ысык-Көлдө пляж ээлерине талаптар күчөтүлдү

Ысык-Көлдө пляж ээлерине талаптар күчөтүлдү. Облус администрациясынан билдиришкендей, пляждарды текшерип мониторинг жүргүзүү үчүн атайын жумушчу топ түзүлдү.   Алар курулуштардын мыйзамдуулугун карап, муниципалдык пляждарды иретке келтирүү боюнча сунуштарын берет. Пляждарда тазалык, коопсуздук жана тейлөөнү жакшыртуу боюнча иштер күчөтүлөт.

Башкы прокурор менен ИИМ жетекчиси 6-июлдан тарта аймактарды кыдырат

Кыргызстандын башкы прокурору Курманкул Зулушев менен ички иштер министри Улан Ниязбеков 6-июлдан тарта аймактарды кыдырат. Бул тууралуу президенттин маалымат катчысы Эрбол Султанбаев билдирди. Анын айтымында, өлкө башчы Садыр Жапаров башкы прокурор менен министрге жер-жерлерге чыгып, элден укук коргоо органдарынын ишмердүүлүгүнө байланыштуу маселелерден кабар алуу тапшырмасын койгон. «Президент Жапаров өлкөбүздүн аймактарына жумушчу… Кененирээк…

Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын саны өсүүдө

Кыргызстанда 27-июндан 3-июлга чейин коронавирус жуктурган 48 адам катталды. Алардын ичинде 43ү — Бишкекте. Ооругандардын үчөө ооруканага жаткырылган, алардын абалы орто деп бааланууда. Өлкөдө май айынан баштап вирус жуктургандар катталган эмес.   Бул тууралуу Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл департаменти маалымдады. COVID-19 пандемиясы… Кененирээк…