Бишкектин жаңы конуштарынын тургундарына 6 миң 218 техпаспорт берилди. Бул тууралуу мэр Эмилбек Абдыкадыров билдирди. Анын айтымында, бүгүнкү күндө “Кадастр” мамлекеттик ишканасынын 6 көчмө тобу жеринде иштеп, тилкелерди мыйзамдаштыруу боюнча аракеттерди көрүп жатат.
Жалпысынан жарандардан 10 миңден ашык арыз келип түшкөн.
1 миң 200 арыз ар кандай себептер менен четке кагылды.