Кыргызстан банктары накталай долларды алып келүү боюнча жаңы булактарды издеп жатат

Кыргызстан банктары накталай долларды алып келүү боюнча жаңы булактарды издеп жатат. Бул тууралуу Улуттук банктын расмий өкүлү Аида Карабаева билдирди.

 

Анын айтымында, өлкөдө накталай америкалык валютанын жетишсиздиги бир нече факторлорго байланыштуу, бирок негизги себеп — дүйнөдөгү геосаясий кырдаал. Коммерциялык банктар жаңы каналдарды таап, доллар жеткирүү боюнча келишим кабыл алынгандан кийин, Кыргызстанда абал турукташат.

 

Карабаева баса белгилегендей, кырдаал критикалык деңгээлге келе элек, болгону өлкөдө накталай доллардын суммасы 7-10 пайызга кыскарды.