Украинаны калыбына келтирүү планы 750 миллиард доллар деп бааланды

Украинаны Россиянын кол салуусунан кийинки калыбына келтирүү иштерине 750 миллиард доллар талап кылынары 4-июлда Швейцариянын Лугано шаарында өтүп жаткан ири эл аралык саммитте айтылды.

 

Украин премьер-министри Денис Шмыгаль талкаланган шаарларды жана алардын инфраструктурасын калыбына келтирүү боюнча үч этаптан турган планды ишке ашыруу үчүн каражат катары биринчи кезекте орусиялык олигархтардын конфискацияланган активдери жумшалышы керектигин белгиледи.

Алардын жалпы суммасын украин өкмөтүнүн башчысы 300-500 миллиард доллар деп баалады.

 

“Бул кандуу согушту орус бийлиги баштады. Бардык талкалоолорго ошолор жоопкер жана алар жоопко тартылышы керек”, — деди ал.

Украин президенти Владимир Зеленский видео байланыш аркылуу жасаган кайрылуусунда калыбына келтирүү иштери бардык демократиялык дүйнөнүн жалпы милдети болушу керек экенин белгиледи.

 

Саммитке бир катар эл аралык уюмдардан жана өлкөлөрдөн миңге чукул адам катышууда.