Жыл башынан бери 10 миңден ашык кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды

Жыл башынан бери 10 миңден ашык кыргызстандык Россиянын жарандыгын алды.

Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлиги билдирди.

Белгилүү болгондой, алты айда Борбордук Азиянын постсоветтик өлкөлөрүнүн 122 миңге жакын тургуну орус жарандыгын алган.

Баарынан көп Тажикстандын жарандары Россия Федерациясынын паспортун алуу үчүн кайрылышат.

Экинчи орунда казакстандыктар, үчүнчүдө — өзбектер, андан кийин кыргызстандыктар жана Түркмөнстан турат.